Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

8:00 “Ата Мекен” партиясы Жогорку соттун чечимин ала элек


Аталган партиянын 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчүн четке каккан чечимин Жогорку сот 29-декабрда чыгарган. Партиянын штабынан алынган маалымат боюнча Жогорку Соттун чечимине жана өлкөдөгү саясий абалга “Акыйкат үчүн” коомдук уюмунун 14-январда өтүүчү жыйынында баа берилмекчи. Жыйында ошондой эле бейөкмөт уюмдар16-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде чыгарат. Кыргызстандын бардык аймактарында шайлоо бурмалоо менен өткөндүгү тууралуу документтер турса да, сот адилетсиздик кылды деп белгилешет атамекенчилер.
“Акыйкат үчүн” коомдук уюму жыл аягында түзүлүп, курамына бийликке сынчыл көз караштагы 8 партия, 11 уюм кирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG