Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

ОРУСИЯДА ТАМЕКИГЕ КАРШЫ КҮРӨШ БАШТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Бишкек Орусияда тамекини рекламалоого тыюу салынмак болуп атат. Мындай чара Орусиянын эл аралык саламаттыкты сактоо уюмунун тамеки чегүүгө каршы келишимине кошулгандан улам көрүлмөкчү. Андай чаралардын бири болуп тамекини сатууда ага артыкчылык бербөө жана анын өндүрүшүн каржылабоо эсептелет.

Бейшемби күнү Орусиянын өкүмөтү өз олтурумунда ушундай чечим кабыл алган. Тамекини рекламалоого толук тыюу салуу беш жыл арасында ишке ашары айтылууда. Алдыңкы күнү Орусиялык өкүмөт өлкө эл аралык саламаттыкты сактоо уюмунун тамеки чегүүчүлүк менен күрөшүү келишимине кошулат деп билдирди. Ошол эле күнү «Бирдиктүү Орусия» бийлик партиясынын жетекчиси Борис Грызлов да мындай демилгени Мамдума колдоого алат деп билдирди. Ал максаттын ишке ашышы үчүн эми орусиялык бийлик тамки чегүүгө чакырган жарыяга толук тыюу салат экен. Акциздик наркын кымбаттатып, чылым чыгарчу сооттордун чыгымын оорлотот экен. Алардан сырткары, тамеки чегүүгө коомдук жайларда чек коюу болору да айтылган.

Чылым чыгаруучу компаниялар мындай кабарды түшүнүү менен кабылдай тургандыгын билдиришти. Орусиядагы British American Tabacco чылымын чыгаруучу компания жетекчиси Александр Лютый, андай демилгеге толук кошуларын билдирген. Ал эми «Табакпром» өндүрүштүк ассоциациясынын башкы деректири Вадим Желиндин айтканына караганда, Орусиянын эл аралык келишимге кошулушу болду-болбоду үстүртөн болуп аткан карбаластоо. Буга дейре эле кыйла демилге көтөрүлүп, бирок ары суу кечпей кала берген.

Анализчилер колундагы маалыматка караганда Орусияда ар жылына тамеки чегүүчүлөр катары 400 миң кишиге көбөйүп турат. Доктурлар арасы болсо дегеле чылым чегүү - түбү жүрүп жакшылыкка алып келбейт дешет. Мындай ойду «Азаттыктын» кабарчысына Маскөөлүк №19 оорукананын деректир орун басары Владимир Трифонов айтат:

- Орусия жер жүзүндөгү эли чылымды эң көп тарткан өлкөлөрдүн бири. Шол себептен биздин өлкө жүрөк оорусу жагынан ала келгенде биринчи орунда турат.

Чылым чеккендер эсебин салыштыра келгенде Орусия - азыр дүйнөдү үчүнчү, Кытай менен АКШдан кийинки, орунда турат. Бүгүнкү күндө Орусияда эркектер арасынан 70 пайызга чукулу жана аялдар арасынан 30 пайызга чукулу тамеки тартышат. Алардын арасындагы 15-19 жашка чейинки чылым чегүчүлөр эсеби 3 миллиондон ашкан. Кошумчалай кетчү кеп, өлкөнүн статистика башкармасы берген маалыматы боюнча ар жылына өлкөдө тамеки тартуудан пайда болгон оорулардан 400 миңдей киши көз жуумп турат.

XS
SM
MD
LG