Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

АКШ ПАКИСТАНДЫН КООПТУУ АЙМАГЫН “ШЕФКЕ” АЛГЫСЫ КЕЛЕТ


Кошмо Штаттарынын Исламабаддагы элчилиги жакында жарыя кылган маалыматтарга ылайык, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Пакистандын түндүк-батыш чекара провинциясындагы коомдук жана менчик уюмдарга ири суммада жардам көрсөткөнү жатат. Бирок америкалык айрым эксперттер бул долбоорду элдин акчасын өөнөп алуунун кезектеги амалы деп эсептешет.

Пакистандын түндүк-батыш чекара провинциясын негизинен пуштундар байырлашат. Алардын өз мыйзамы – Пуштунвали кодекси бар,Пакистан өкмөтүнүн амирине бул жерде көп ыкрар кыла беришпейт. Жакында эле провинцияда жергиликтүү пуштун жасакчылары менен кагылышта өкмөт аскерлери ондон ашуун жоокерин жоготту, дагы отуз-кырктай солдаттын дайыны билине элек.

Эл аралык мыйзамдар турсун Пакистандын өзүнүн бийлиги өтпөгөн бул аймакка Вашингтон өзүнүн агенттиги аркылуу алдыдагы үч жылда 43 миллион доллар капитал сарптап,заманбап жолдорду, мектептерди жана ооруканаларды куруп,провинциянын инфраструктурасын көтөрүп, экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүнү көздөп жатат.

Жакынкы беш жылда бул максатка 750 миллион доллар каражат сарпталышы ыктымал. Долбоорду колдогондор муну менен коңшулаш Ооганстандагы коопсуздук абалы чыңдалат, буга кошумча АКШнын Пакистандагы аброю көтөрүлөт дешет.

Бирок айрым эксперттер болжолдонуп жаткан бу долбоорду америкалык калктын казынадагы акчасын өөнөп алуунун кезектеги амалы деп эсептешет. Буга чейинки тажрыйбалар көрсөтүп келаткандай, адатта ар кандай гуманитардык программаларга бөлүнгөн каражаттардын 50 проценти кайра эле америкалык фирмалардын капчыгында калат. Иракта, мисалы, капиталдын көп бөлүгү кумга сиңген суудай болуп ың-жыңсыз жоголду.

Вашингтондогу Брукинг институтунун аналитиги Майкл Оханлондун айтымында, Вашингтондо отургандар чындап эле демократияны жайылтуу үчүн экономикалык өнүгүү долбоорун сунуш кылуу керек, бу эки нерсесиз Пакистандагы пуштундар жана башка тайпалар менен ымала табыш кыйын болот деп ойлошот. Бирок мындай программа өлкөдө,өзгөчө аталган аймакта Мушаррафка,андан да аны колдоп жаткан АКШга кесенип турган тайпалардын, диний мазаптардын жаалын кайтарганга жарай алабы, кеп ушунда.

Түндүк-батыш чекара провинциясы бийик тоолуу аймак. Бул жерди жергиликтүү талиптерден тышкары чет элдик ар кошкон жоокесептер менен террорчулар конолголоп алышкан. Айрым маалыматтарда Усама бин Ладен да ушул аймакта жанкалкалап жүрөт делинет.

Түштүк Азиядагы жагдайды жакшы билген эксперттердин бири Кристин Фэйр америкалыктардын гуманитардык акчасы козголоңчулардын колуна тийип калышыда ажеп эмес деген ишенимде.”Эч ким – не Вашингтон, не Исламабад саясий реформалар, саясий либерализация тууралуу кеп кылбайт. Мунсуз америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен салына турган тикелей капиталдар бул провинцияда ээн жердин бөрүсүндөй желип-жортуп жүргөн лашкерлердин,аскерлешкен ар кандай топтордун же аларга жан тарткан уюмдардын энчисине тийбейт деп эч ким кепилдик бере алабайт”, - дейт Фэйр.

Эксперттер соңку жети жыл аралыгында АКШ Пакистанга он миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөнүн,анын көп бөлүгү ар түрдүү кеңешчилер корпусуна сарп болгонун кошумчалашат.

XS
SM
MD
LG