Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулованын бүгүн парламентте билдиргени боюнча 2000-2007-жыл ичинде Орусияга көчүп кеткендердин саны 56 495 адамды түзгөн. Алардын 30% соодагерлер, ишкерлер. “Ошондуктан, алар өздөрүнө ыңгайлуу болсун үчүн Орусия жарандыгын алууга аргасыз болуп жатышат”, дейт миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулова. Анын айтуусунда мурдагы убактарда негизинен орус тилдүү калктын көчүшү басымдуу болсо, акыркы кезде кыргыз улутундагылар кетип жатышат. Бул көрүнүштү Кыргызстандагы экономикалык абалга байланыштырган А. Рыскулова эгер өлкөдө экономикалык өсүш болбосо, агым дагы күчөөрүн билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 250 миңден ашуун кыргызстандык мигранттар бар, өткөн жылы 117 кыргызстандык Орусияда каза болгон. Бейрасмий маалыматтар учурда 700 миңден ашуун кыргызстандыктар Орусияда соода кылып жана иштеп жүрүшөт. (ZKo)