Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:18

28-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кузнецк воеводасы А. Синявин 1694-жылдын 28-январында чалгындоо максаты менен атаман М. Поповду алтырлык кыргыздарга жөнөткөн. Кыргызстандагы мини масштабдагы «культ личность» өнөкөтү 1932-жылдын бул күндөрү жасалган.

Кыргыздардын Эне Сай өрөөнүндөгү миң жылдан ашык жаркын тарыхынын соңу XVIII кылымдын башталышында соңуна чыккан. Кыргыздардын колунан ооматтын оошу, адегенде алардын тышкы күчтөргө каршы жүргүзгөн саясатынын кесепети болгон. Падышалык Россиянын Сибирь бийлигинин билдирүүсүнө караганда 1694-жылдын башталышынан тарта кыргыздарга жунгарлар топ-топ болуп келе башташкан. Жунгарлар кыргыздардан кол курап орус чептерине кол салууну көздөп жатбасын деп кооптонгон Кузнецк воеводасы А. Синявин 1694-жылдын 28-январында чалгындоо максаты менен атаман М. Поповду алтырлык кыргыздарга жөнөткөн.

Кыргызстандагы мини масштабдагы «культ личность» өнөкөтү 1932-жылдын бул күндөрү жасалган. Абдыкадыр Орозбековдун Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагалык кызматта турушунун беш жылдыгы «бүткүл элдик» майрам катары белгиленип, «кечээги кембагал», бүгүнкү жетекчинин урматына чарба, көчөлөрдүн аталышы өзгөртүлүп, алар «А. Орозбеков» ысмын ала баштаган. Фрунзедеги Жумушчулар шаарчасындагы көчө «А. Орозбеков» көчөсү аталып, Кызылкыя району «А. Орозбеков» районуна өзгөртүлүп, Кызылкыянын борбору эсептелген Үч коргон кыштагы «Орозбекабад» деп аталган. Анткен менен жаңы аталыштар узакка сакталган эмес. Беш жылдан кийин ал камакка алынып, Жумушчулар шаарчасындагы «А. Орозбеков» көчөсү-Николай Островский, «А. Орозбеков» району Молотов районуна, «Орозбекабад» болсо «Молотовоабад» ысмын алган.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер депутаттар Кеңеши 1933-жылдын 28-январында жүк ташый турган унаа жана жандыктары бар адамдар үчүн мажбур эмгек киргизди. Унаасы бар ар бир шаардык адам сөзсүз түрдө Рыбачье шаарынан Кантка чейин 640 килограмм нан ташып келүүгө милдеттендирилген.

Улуу Ата мекендик согуш маалында курчоого алынган Ленинград шаарынын бошотулушу туурасындагы кабар Кыргызстанда жылуу кабыл алынган. Шаардын бошотулушу Фрунзе шаарына эвакуацияланган Лесгафт атындагы дене тарбия институтунун эмгек коллективинде зор кубаныч жаратып, лесгафтчылар 1944-жылдын 28-январында студенттер менен бирдикте митинг өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG