Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Канада Ооганстандагы аскерлерин алып кетерин эми Британия бийлигине эскертти


НАТОнун башкы өлкөлөрү Ооганстанга кошумча күчтөрүн жөнөтпөсө, Канада ал жактан келерки жылдын февралында өз аскерлерин алып кетет. Бул тууралуу Канада премьер- министри Стивен Харпер кайрадан эскертти. Бул ирээт Канада премьер-министри мындай эскертүүнү британ өкмөт башчысы Гордон Браун менен телефон сүйлөшүүсүндө жасаган, буга чейин АКШга айткан эле. Расмий Оттава Ооганстандын азыр эки жарым канадалык аскер турган түштүктөгү кооптуу Кандагар провинциясына НАТОнун башка өлкөлөрү бир миң жоокерин жана керектүү жарак-жабдыктарды жөнөтүшү керек деп эсептейт. АКШ Мамлекеттик депратаментинин өкүлү Шон МакКормактын билдиргенине караганда, Вашингтон Ооганстандын түштүгүнө Франция аскер жөнөтүшүн каалайт.

XS
SM
MD
LG