Ооганстандын Фарах чөлкөмүнүн расмий өкүлдөрү билдиргенине караганда, жергиликтүү жана НАТОлук аскерлердин талип согушкерлерине каршы жүргүзгөн операциясы маалында карапайым тургундар, анын ичинде кичинекей балдар каза болду. Баква районунун акими эки аял жана 3 бала курман болгонун айтса, провинциянын губернатору рейд учурунда өлтүрүлгөн 10 кишинин көбү козголоңчулар болчу деп билдирди.