Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

ТҮРКИЯ ТҮНДҮК ИРАКТАГЫ КҮРД ЖИКЧИЛЕРИНЕ АБАДАН ЧАБУУЛ КОЮУДА


Түркиянын согуштук аба күчтөрү ПКК жикчил уюмунун Түндүк Ирактагы базаларына чабуулдарын улантууда. Бир катар байкоочулар кыш аяктап жайкы маал кирери менен күрд козголоңчуларга каршы кургактан дагы чабуул башталарын болжошууда. Алар ошондой эле баарынан мурда аталган жикчил уюмдун жаралуусуна өбөлгө түзгөн шарттарды жоймоюн, бул проблеманы чечиш дегеле мүмкүн эмес экенин билдирүүдө.

1984-жылда алгачкы террордук актыларын ишке ашырып, аты жаңы эле угулуп баштаган кезде, ошол учурдагы Түркиянын өкүмөт башчысы Тургут Өзал тоотпой “бир ууч бандит” деп баалаган ПКК ушул өткөн 20 жылдын ичинде Түркиянын 100 миллиард доллардан ашык каражатынын ысырапталышына, 30 миңден ашуун адамдын өмүр менен кош айтышуусуна себеп болгон күчкө айланды.

1999-жылы жолбашчысы Абдуллах Өжалан кармалып, өмүр бою камак жазасына өкүм этилгенден кийин дээрлик алсыраган менен ушул өткөн аралыкта жикчил уюмду жалаң аскердик чаралар аркылуу биротоло талкалап жок кылыш оңой-олтоң иштерден эмес экени байкалды.

“Саздакты кургатмайын чиркейден кутулуш жок” дегендей, өлкөдө уюмдун улам жаңы согушкерлер менен тейленип келүүсүнө өбөлгө түзгөн шарттар жоюлмайын, канчалык ири аскердик чабуул коюлбасын, ПККни биротоло жок кылыш мүмкүн эмес дегендердин саны өсүүнүн үстүндө...

Алардын бири, басылмасына жазып чыккан АКШдагы “Тышкы саясат боюнча улуттук комитеттин” бөлүм башчысы, илимий ишмер Давид Филлипс. Өткөн жылдын ноябрь айында АКШнын президенти Жорж Буштун ПКК козголоңчулары тууралуу Түркияга оперативдүү чалгындоо маалыматтарды берүүгө макул болуусунан кииин, Түркиянын согуштук аба күчтөрү Түндүк Ирактагы ПККнын позицияларына чабуул уюштуруп келатканына көңүл бурган Давид Филлипстин пикиринде, ПККны обочодо калтырып, анын такай жаңы согушчандар менен тейлене берүүсүнүн алдын алуунун, мындайча айтканда, саздакты кургатуунун бирден бир жолу Түркияда демократиялашуу жараянынын жазбай улана берүүсүндө жана экономикалык өнүгүүдө жатат.

Автор ошондой эле Анкараны Түндүк Ирактагы жергиликтүү күрд өкүмөтүнүн лидери Масуд Барзани менен Ирактын теги күрд президенти Жалал Талабанини да жектебей, мүмкүн болушунча аларды пайдаланууга үндөйт.

Саддам Хусейин доорунда кызыл паспорт берип, алар менен тыгыз алакада болгон ырасмий Анкара, америкалык оккупациядан кийин ПКК жикчил уюмун тымызын колдоп жаткан үчүн айыптап, Масуд Барзани жана Жалал Талабаниге бойкот койгон. Бирок Түркиянын жаңы президенти Абдуллах Гүл эч кур дегенде Ирактын президенти Жалал Талабанинин Түркияга чакырылуусу жөн болот деген көз карашта. Ал мурдагы күн Катарга сапарга аттанардан алдын басма сөзгө маек куруп.

“Албетте, кошуна бир өлкөнүн шайланган бир президенти кандай башка кошуна өлкөлөргө саякатка барып жаткан болсо, Түркияга да саякатка келүүсү табыйгый нерсе. Бирок бул тууралуу ушу тапта кандайдыр бир план жок”,- деп билдирди.

Түркиянын аба чабуулдарына ириде аябай жаалдануу менен реакция көрсөткөн Түндүк Ирактагы жергиликтүү күрд башкаруунун лидери Масу Барзани кийин АКШнын көрсөтмөлөрүнүн чегинде ПККден өзүн алыстата баштады. А түгүл жергиликтүү өкмөт жергиликтүү аба майдандарында коопсуздук чараларын күчөтүү аркылуу ПККге сырттан курийерлер аркылуу акча жеткирилүүсүнө бөгөт койду.

Бирок Барзанинин өкмөтү ПККге каршы кандайдыр бир аскердик чара көрүүгө ыраазы эмес. Ушундайча бир кырдаалда Түркиянын армиясы Түндүк Ирактагы аба чабуулдарын улантуу менен бирге өлкө ичинде дагы козголоңчуларга каршы ири операцияларды уюуштурууда. Мурдагы күнү 5 согуштук учак Түндүк Ирактагы шектелген жайларды кайра аткылады жана өлкөнүн Бингөл шаарына жакын аймактарда болгон салгылашууларда ПККнин 10 согушкери жараксыз кылынганы билдирилди.


Аким Өзгөн, Түркия

XS
SM
MD
LG