Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТТУН АЯГЫНА ЧЫГЫШЫ КҮМӨН


Мурда кабарлангандай Аксы окуясында жабыркагандар Аксы окуясына байланыштуу ишти карап жаткан Республикалык аскер сотунун судьясына ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышканы тууралуу кеп тараган. Мунун себептери жөнүндө Аксы окуясынын жабырлануучуларынын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” айтып берди.

- Сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө эмне негиз болуп жатат?

- Сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө чынын айтканда бизде негиз деле жок. Келечегинде бул иштин өтө узакка созулушуна дагы бир негиз болуп берет. Себеби Бекназаров менен азыркы соттун төрагасы Абдырашитов экөөнүн тууганчылык жайы бар деген элдин ичинде сөз жүрөт. Анын канчалык деңгээлде иштин жүрүшүнө терс таасир этишин эч ким алдын ала айта албайт. Келечегинде бул ишти жөн эле жогорку инстанцияда каралганда бузулуп калат. Создугуп кетет же жокко чыгарылып калат.

- Тилек Абдырашитовдун төрагалыгы менен буга чейин деле Жалалабатта эки ирет сот жараяны болбодубу. Эмен үчүн башында эле бул маселени козгогон жоксуздар?

- Ал маселени мен буга чейин билген эмесмин. Акырын-акырындан элдин ичинен чыгат экен да.

- Сиз тактап кете аласызбы, кандайча тууганчылык жагы бардыгын, мүмкүн өтө эле алыс тууганчылыгы, же бир уруудан болгондугу деле буга таасирин тийгизип аткандыр?

- Элдин ичинде айтылып атканда караганда, бир уруудан эмес. Бекназаровдун баласы менен Абдырашитовдун карындашы үйлөнүшкөн деген сөз бар. Канчалык деңгээлде аны өздөрүнөн сураш керек.

- Мындай суроо туулат да. Эгерде соттун Азимбек Бекназаровго тууганчылык жагы бар болсо, эмне үчүн аксылык жабырлануучулар ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат. Анткени кандайдыр бир деңгээлде баары бир иштин пайдасы Бекназаровго, аксылыктарга чечилиши мүмкүн да?

- Азыр жабырлануучулар ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз деген жери жок, көрсөтпөйт да болуш керек. Бирок бул иштин келечеги начар болуп, ашыкча сөздөр көбөйүп кетет.

- Демек, Жогорку Cот тарабынан ушундай негиз менен бузулуп калышы мүмкүн турбайбы сиздин оюңузча?

- Мүмкүн эмес, бузулуп эле калат эгерде тууганчылык жагы так боло турган болсо.

- Буга чейинки айтылган маалыматтарда соттук коллегиянын дагы бир мүчөсү Азимбек Бекназаровдун курсташы деп дагы айтылып жүргөн. Бул балким атайын жасалып жаткан иштир?

- Аны атайын жасалып атат, же башкача болуп атат деп айта албайм. Анын курсташы экенин юрфакты бүткөндөрдүн бардыгы эле билишет. Булар профсоюз комитетинде бирге иштешкен. Ал боюнча маалыматты сот, прокуратура системасында иштегендердин баары эле билет. Бул так маалымат.

- Эми сиз эртең сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу өтүнүчүңүздү сотко тапшырасызбы?

- Аны айта албайм. Тапшырбашым да мүмкүн, мага баары бир. Соттосо болду. Бирок келечегинде бул жакшы бүтпөйт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG