Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясы кечээ күнү алты талапкердин атын атаган. Алар Гүлнара Исабекова, Самат Бөрүбаев, Абдыжапар Бекматов, Чынгышбек Исмаилов, Мирбек Жакыпов жана Алексей Елисеев. БШКнын калган алты мүчөсүн президент дайындайт. Ал эми төрагасы президент менен парламенттин макулдашуусу менен бекитилет.(AiT)