Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:37

12:40 “Кыргызстан, мен сени сүйөм” акциясы Жогорку Кеңештин жанында аяктады


Акциянын катышуучулары Ахунбаев көчөсүнөн баштап Манас проспектисинин жээги менен борбордук аянтка бет алышып, өкмөт үйүнүн жанынан өтүштү. Алар Жогорку Кеңештин алдына барышып колдорундагы ар түстүү шарларды асманга учурушуп, Кыргыз республикасынын гимнин ырдашып, тарап кетишти. Жөө жүрүшкө чыгышкан жүздөн ашуун жаштарга жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө тартип коргоо кызматы каршылык көрсөткөн жок. Буга чейин “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучулары ашыктардын Валентин күнүнө карата “Кыргызстан, мен сени сүйөм” деген ураан менен жөө жүрүшкө чыгууга уруксат сурап шаардык мэрияга кайрылышкан. Биринчи май райондук администрациясы жаштардын мындай акция өткөрүүсүнө макулдук бербей каршы болгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG