Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

15:53 ЖК депутаттарына өмүр бою менчик курал алып жүрүүгө тыюу салынды


«Айрым мыйзам актыларга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзамга президенттин каршылыгын кубаттаган Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумундагы чечими ушуга байланыштуу болду. Ички иштер министринин орун басары Мырзакан Субанов парламентте ушунча куралды өмүр бою жеке пайдалануу үчүн жабдуу мүмкүн эмес экендигин белгиледи. ИИМдин өкүлү курал менен депутаттарды жабдуу боюнча башка мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуш кылды. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын депутаттары коопсуздук максатында аталган мыйзамга өзгөртүү киргизип, коопсуздук максатында өмүр бою курал алып жүрүү жөнүндө жобо киргизген. Муну депутаттардын жеке коопсуздугун камсыздоо менен негиздеген. Ага мисал катары бир нече депутаттын белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлүш менен негиздеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG