Сербиянын тышкы иштер министри Вук Еремич БУУнун Коопсуздук Кенешинин чукул жыйынында - Белград Косовонун көз карандысыздыгын эч убакта тааныбайт, провинцияны колдон чыгарбаш үчүн экономикалык, саясий жана дипломатиялык чараларды көрөт деп белгиледи. Бирок министр мурда айтылып келгендей, Сербия канткенде да күч колдонууга барбайт деп ишендирди. Косоволук албандар Сербиядан күнкорсуздугун жакынкы күндөрү жарыялайт деп күтүлүүдө.