Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

17:46 Жалалабат облусунда Орусияда өлгөн дагы бир кыргыз жаранынын сөөгү жерге коюлду


Бүгүн облустун Кочкората шаарында Таир Жаркынбаевдин тажиясы болду. Кесиби боюнча жогорку билимдүү, 1980-жылы туулган Жаркынбаевди Москвада жети күн мурдараак, жумушунан үйүнө кайтып келатканда скинхеддер өлтүргөн. Ал ушул бир айга жетпеген убакыт ичинде Москвада такырбаштардын колунан ажал тапкан облустун экинчи тургуну болуп калды. Өткөн аптада Орусияда денесине 11 ирет бычак сайылып, көз жумган Мирлан Эргешов аттуу баланын сөөгүн Ноокен районуна алып келишкен. (YA)

XS
SM
MD
LG