Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей 1-марттан тарта ар ишемби сайын борбор калаада ишембилик болору тууралуу шаардык мэрия токтом чыгарган. Бирок мэриянын токтомунда мектеп окуучуларынын эмгегин эксплуатациялоо тууралуу жазылган эмес. 1-март күнү шаардын бардык тургундары өздөрү жашаган аймактарды тазалоого тартылышат, деп маалымдады басма сөз кызматы. (ZKo)