Түрк армиясы Ирактын түндүгүндөгү аскердик операция маалында жок кылынган күрт жикчилеринин саны 153 адамга жеткенин билдирди. Түркиянын куралдуу күчтөрү тараткан билдирүүдө кагылышууларда 17 түрк жоокери курман болгону айтылат. Күртстан жумушчу партиясы азырынча бул кабарларга пикирин билдире элек.