Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

РОССИЯ ЖАҢЫ САНКЦИЯЛАРГА КОШУЛАРЫН ИРАНГА ЭСКЕРТТИ


Эгер Тегеран уран байытканын токтотпосо,Москва жаңыдан даярдалып жаткан санкцияларга кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин эскертти. Резолюциянын долбоору эмдиги аптада Коопсуздук Кеңешинде каралат. Кеңештин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын өкүлдөрү кечээ Вашингтондо иран маселесин талкуулашты.

“Иран эл аралык коомчулуктун негизги талабын аткарбады – уран байытуу ишин жана ядролук программасын толук токтоткон жок”, - деп айтты Виталий Чуркин Нью-Йорк менен Москва ортосунда уюштурулган телебайланышта. Мындан тышкары ал МАГАТЭнин директору даярдаган жаңы докладда Ирандын аталган чөйрөдө буга чейин жүргүзгөн иштерине байланыштуу да көп маселелердин башы ачылбай калганын белгиледи.

Иранга күчөтүлгөн санкцияларды жарыялоону сунуш кылган жаңы резолюциянын долбоору эмдиги аптада Коопсуздук Кеңешинде каралат. Документти АКШ, Британия жана Франция биргелешип киргизип жатышат. Долбоордо конкреттүү кандай чаралар каралганын орус элчиси айткан жок. Бирок ал Россия экономикалык мүнөздөгү санкцияларга гана кошуларын ырастады жана Москва Тегерандын эл аралык коомчулук менен кызматташуусун кааалай турганын билдирди.

Кечээ Вашингтондо алты өлкө – АКШ,Британия,Германия,Кытай, Россия жана Франция саясий директорлор деңгээлинде жолугушуу өткөрүп, иран проблемасын талкуулашты. Жыйында жаңы резолюциянын долбоорунан тышкары да бир катар маселелер каралды. ”Алтылыктын” мүчөлөрү Ирандын ядролук программасына байланыштуу проблеманы сүйлөшүүлөр үстөлүндө чечүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издешти,ошол эле учурда Тегеран өз позициясынан кайтпаса, ага катаң жазаналарды колдонгондон баш тартпай тургандыгын да ырасташты, деп айтты Брюсселде Евросоюздун тышкы саясий жана коопсуздук иштери боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана.

Ал эми Тегеранда өлкөнүн жогорку даражалуу диний лидеринин бири Хасан Рохани шаршемби күнү өкмөттүн, биринчи кезекте президент Ахмединежаддын тышкы саясатын капыстан эле кескин сынга алып чыкты.”Көтөрүңкү апаздарга негизденген саясат –тышкы саясат эмес, - деп айтты ал. - Мунун ордуна өкмөт тышкы коркунучту азайтуунун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоонун жаңжалсыз ыкмаларын табууга тийиш”. Буга кошумча Рохани дүйнөлүк коомчулук менен алака түзүүдө Иран чоң ийкемдүүлүгүн көрсөтүшү керектигин да бөлүп көрсөттү.

Рохани мурда Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө жетекчилик кылган. Азыр - диний лидер Али Хаменеинин эки чоң өкүлүнүн бири. Хаменеи өзү мындан эки күн мурда эле атом программасы жөнүндөгү маселе ислам системасынын, анын ичинде иран элинин улуу жеңиши болуп калганын белгилеп,бул үчүн жалпы илимпоздорго,аялдар менен эркектерге,улуу-кичүүнүн баарына ыраазылык билдирген эле.

XS
SM
MD
LG