Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

19:45 Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду


Президенттин бүгүнкү жардыгына ылайык Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун төрагасы Тынарбек Аскар уулу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу билдирген президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Ош-Бишкек аба каттамынын “Эсен-Эйр” авиакомпаниясынын аба учагына жүргүнчү катары кирген Тынарбек Аскар уулу мас абалында борткызматкерлеринин авиация коопсуздугун сактоо тууралуу эскертүүсүн укпай, кайра аларды ыпылас сөздөр менен сөгүп чыр чыгарган. Аны авиациянын коопсуздук кызматы учактан түшүрүп Ош облусу боюнча линиялык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен. “Кыргыз Республикасынын судьялар корпусунун мүчөсү болгон Аскар уулу Тынарбектин мындай жүрүш-турушу Кыргыз Республикасынын сот бийлигинин кадыр-баркына доо кетирип, “сот” деген бийик статуска шайкеш келбейт жана анын бул кызматта калышына жол бербейт, анткени Конституциянын 84-беренесинин 1-пунктуна ылайык, соттор жүрүш-турушу кынтыксыз болгон учурга чейин гана бул кызматты ээлегенге акысы бар”,-деп айтылат маалыматта. (AJ)

XS
SM
MD
LG