Президенттик орун үчүн төрт талапкер ат салышууда. Алар: өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Медведев, Коммунисттик партиянын жетекчиси Геннадий Зюганов, Либерал-демократиялык партиянын башчысы Владимир Жириновский жана Демократиялык партиянын лидери Андрей Богданов.
Январдын этегинде шайлоо комиссиясы "шайлоочулар тизмесинде жасалма жана шектүү кол тамгалар көп" деген негиз менен оппозиция лидери Михаил Касьяновдун талапкердигин четке каккан болчу. Путиндин кол алдында 2000-2004-жылдары өкмөт башчысы болуп турган Касьянов марттагы шайлоону "көз боемоочулук" деп сыпаттап, аны бойкоттоого чакырган. Дагы бир оппозиция лидери Борис Немцов декабрда эле шайлоого катышпай тургандыгын жарыялаган.
Батыш серепчилери жана эл аралык байкоочулар шайлоодо Путиндин мураскору Дмитрий Медведев жеңип чыгаарын айтып жатышат. Өткөн жылы 10-декабрда «Бирдиктүү Орусия», «Акыйкат Орусия», Агрардык партия жана «Жарандык күч» партиялары өкмөттүн биринчи вице-премьери Дмитрий Медведевди президентикке талапкер катары көрсөтүшкөн. Аталган төрт партиянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда Владимир Путин Д. Медведевдин талапкерлигин колдой турганын билдирген. Путиндин мураскору деп эсептелген Медведев президент болуп шайланса, анын саясатын улантып кетери күтүлүүдө.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого 300гө жакын эл аралык байкоочулар көз салууда. Алардын арасында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ШКУнун өкүлдөрү бар.
Өткөн айда Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун шайлоолор боюнча кеңсеси, Москва койгон шартка көнбөй, Орусияда болчу президенттик шайлоого байкоочулар миссиясын жиберүүдөн баш тарткан. ЕККУнун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу байкоочуларын 15-февралдан кечиктирбей Орусияга баруусун каалаган. Москва алардын 20-февралдан эрте келишине макул болгон эмес.
Орусиядагы президенттик шайлоо Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12де аягына чыгат.