Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Дмитрий Медведев тышкы саясатты Орусиянын кызыкчылыгы үчүн жүргүзөт


Бул тууралуу президенттикке талапкер маалымат жыйынында билдирди. Анын саясаты Владимир Путиндин саясатынын түздөн-түз уландысы болот жана премьер-министр болушу күтүлүп жаткан Путин менен чогуу иш алып бармакчы. 7-майдан тарта ишке киришери белгилүү болуп жаткан Медведев Орусия тышкы саясатта Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын убада кылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтары боюнча Дмитрий Медведев 69% ашуун добушка ээ болду. Ал эми Коммунисттердин жол башчысы Геннадий Зюганов 19%, ЛДПРдин жетекчиси Владимир Жириновскийге 12%, Демократиялык партиянын лидери Андрей Багданов 1,5%добушка ээ болгону айтылууда.
Орусия БШКсынын маалыматы боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 65% катышкан.

XS
SM
MD
LG