Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

11:31 Орусиянын жарандары үчүн президенттик шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыгарылды


Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин пресс- атташеси Виктор Харченконун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоого жалпысынан 3925 орус жараны катышты. Бул шайлоочулардын тизмесине киргендердин 40,9 пайызын түзөт. Шайлоочулардын 90,5 пайыздайы Дмитрий Медведевге, Геннадий Зюгановго 4,66 пайызы, Владимир Жириновскийге 4,02 пайызы, ал эми Андрей Богдановго 3, 56 пайызы добуш берген. Ал эми Ош шаарында Орусия консулдугунун имаратындагы шайлоо участкасынан алынган маалыматтарга караганда, добуш берүүгө 666 жаран катышты. Шайлоочулардын 92 пайыздайы Д. Медведевге добушун берген. Жалпы республика боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы эртең маалымат жыйыны учурунда кабарланат.(MSu)

XS
SM
MD
LG