Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:54

11:40 Кыргызстандагы эки гезиттин соту болот


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Де-факто” жана “Алиби” аттуу эки гезитке каршы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев берген доо арызды карайт. “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекованын айтымында, арыздын мазмуну менен гезит жетекчилери тааныша элек. Ошондуктан аны менен таанышууга убакыт берүү өтүнүчү соттон суралат. Асылбек Салиев аталган гезиттер өзү жөнүндө бир жигитти машине менен уруп кетип каза тапты деген жалган маалымат таратты деп сотко арыз берип, редакциянын ар бири бир миллион сом, макала жазган кабарчылар 500 миң сомдон айып пул тартсын деген талап койгон. (BD)

XS
SM
MD
LG