Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

П.РАХМАНОВ: МАМЛЕКЕТТИК РЕЗЕРВДЕ 60 МИҢ ТОННА БУУДАЙ БАР


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Өлкөдөгү дан азыктарына байланыштуу кырдаал боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик резерв боюнча өкмөт алдындагы агенттиктин башчысы Пайзулла Рахманов жооп берди.

-Сиз азыр жетектеп келе жаткан агенттиктин мааниси даңга баа кымбаттап турганда өзгөчө бир маанилүү болуп жатканы көрүнүп турат. Өкмөт дагы “60 миң тонна буудай кол тийгис, зарыл учурда саттыкка чыгарыла турган 30 миң тонна буудай турушу керек” деген сөздү айтып жатат. Азыр мамлекеттин резервинде ушул суммадагы, ушул өлчөмдөгү буудайлар барбы?

-Мамлекеттин резервинде ушул өлчөмдөгү буудайлар бар. Андан сырткары 60 миң тонна дагы, 30 миң тонна дагы бар. Ошондой эле дыйкандарга кредит түрүндө берилген буудайларды дагы кошсок, анда дагы бир 30 миң тонна кошулат.

-Өкмөт Казакстандан 50 миң тонна дагы сатып алышыбыз керек деди, бул ишке аштыбы?

-50 миң тоннанын 30 миң тоннасы чечилип, 20 миң тоннасын апрель айына койгонбуз. Буюрса, 1-майга чейин, жаңы түшүм болгонго чейин мамлекетибиз дан-азыктары менен камсыз болот деп айтсам болот.

-Өкмөт жыйынында Казакстандан буудай сатып алабыз деп айтылып жатат. Ал эми быйылкы жылы жергиликтүү дыйкандарды дагы колдоо үчүн алардан дагы алдын ала акча төлөп, бюджеттен сатып алуу уюштурулабы?

-Мен 30 жылдан бери айыл чарбасынын ишине аралашып жүрөм. Буга чейинки буудайдын баасынын туура келбегенине байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин Казакстандын буудайы арзаныраак болуп келчи. Ошого байланыштуу акыркы жылдары буудай өзүбүздүн мамлекетке келбей калды эле. Биринчиден, мамлекет өтө катуу көңүл буруп келүүдө. Экинчиден, биз менен бирге эле дыйкандарыбыз өзү дагы түшүнүп жатат. Эми мындан кийин эгерде дүйнөлүк бааларды карай турган болсок, анда өзүбүздүн дыйкандар өстүрүп чыкканы эң ыңгайлуу шарт болуп жатат.

-Экономикалык кызыкчылык пайда болду деп айта алсызбы?

-Биринчиден, экономикалык кызыкчылык болду. Экинчиден, эгерде Казакстан жана башка мамлекеттерди карап отура берсек, анда баа дагы бир топ деңгээлге көтөрүлмөкчү.

-Пайзулла мырза, мына сиз жетектеген ушул агенттик эң эле коррупциялашкан мекеме катары аталып келет. Мындай тескери атактан арылуу үчүн кандай кадамдар жасалып жатат?

-Мамлекеттик резерв боюнча бүгүнкү күндө Эсеп палатасынан алты адам, Башкы прокуратурадан эки адам, ошону менен 8 адам текшерип, өзүбүздүн аппаратта дагы аудит тобун ачканбыз. Текшерип туруп буга чейин же күрөө жок, же болбосо башка эле адамдардын аттарынан контракт түзүп, өтө көп өлчөмдөгү кылмыш иштери болгон. Бардыгы ачылып, азыр 20дай кылмыш иштерин ачуу үчүн мамлекеттик резерв жагынан Башкы прокуратурага өткөрүп бердик. Мамлекеттик сатып алуу иштери боюнча дагы Дүйнөлүк банктын бизди тейлөөчү кызматкерлери менен чогуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, биздин мекемеге карата туура эмес ойлор эл арасында жок болсун деген максатты коюп, кызматкерлер менен чогуу азыр ушул аракеттерди жасап жатабыз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG