Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:28

13:11 Жергиликтүү алкоголь ичимдиктерин чыгаруучулар кризисте


Экономикалык божомолдорго ылайык, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын эки айында 2 миллион литрден ашуун арак-шарап чыгарылышы керек болчу. Бирок чынында бул көрсөткүч 1,65 миллион литрге жеткен жок. Базар Орусия жана Казакстандан келген спирт ичимдиктерине толуп кетти. Мындан сырткары контрабанда жолу менен алып келинген жана жасалма арак-шараптардын үлүшү жогору бойдон калууда деп ишкерлер кайра иштетүү айыл жана суу чарба министри Арстанбек Ногоев менен жолугушуу маалында билдиришти. Проблемаларды чечүү максатында аталган министрлик алкоголь ичимдиктерин чыгаруучулар атайы ассоциацияга биригип, айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгууну сунуштады деп кабарлайт мекеменин маалымат кызматы. (JTo)

XS
SM
MD
LG