Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

АЯЛДАР АБАГЫ: КАПАСТАГЫ КӨГҮЧКӨН


Аида Касымалиева, Бишкек Кылмышкер аялдар үчүн келе жаткан айымдар майрамы кайгылуу күн. Мээрим, назиктик, сүйүү жана гүлдөр аткарылгыс кыялга айлангандыгы айрыкча ушул күнү сезилет.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар түрмөсү Бишкектен алыс эмес Степное айылында жайгашкан. Бул абакта бүгүнкү күндө 326 кыз-келин жаза өтөөдө. Учурда жаза өтөчү жайларда 15 миңден ашуун кыргызстандыктар отурса, алардын 5 пайызынан көбү – аялдар.

Түрмөдө отурган кыз-келиндердин көбү күйөөсүн өлтүргөндүгү, уурулук жана баңги зат саткандыгы үчун кармалган. Эксперттердин айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө абакта отурган аялдардын пайызы жогору. Абактагы аялдардын көбү түрмөгө кайта-кайта отургандар.

“Экскурсия”. Биринчи сезимдер.

Түрмө кызматкерлеринен артта калбаңыздар, уюлдук телефон сурагандарга эч нерсе бербеңиздер, оор кылмыштар тууралуу сурабаңыздар жана баалуу буюм-теримдериниздерге этият болуңуздар – кылмыш деген сөздү эске албаганда, биз бир музейге экскурсияга баратакандай туюлат.

Бирок махорканын жыты, темир тордун кайгылуу элеси “мен түрмөнүн ичиндемин” деп эске салат.
Бул жактагы аялдар өздөрү жасаган оор кылмыштар тууралуу жылмаюу менен айтышат.

- 246-берене, баңги зат үчүн кармалгам. 97-берене, адам өлтүргөндүгүм үчүн отурам....

Дал ушул учурда бул жаза өтөөчү жайда үч аял кургак учук менен катуу ооруп жаткан кези, дагы он жетиси эми эле сакая башташкан. Бул жылы эл аралык Кызыл Чырым комитетинин акчасына атайын кургак учук менен ооругандар үчүн жаңы оорукана курулган.

Кылмышкер аялдардын айлыгы 350 сом

Түшкү тамактануудан кийин жумушка бөлүнүү башталды. Кыз-келиндер топ-топ болуп алып турдүү жумуштарды аткарганга жөнөп жатышты:

-Түрмөдө өндүрүш сакталып калган. Аялдар кесиптик билим алал алышат. Көбүнчө кыз-келиндер тигишет. Биздин атайын кардарларыбыз бар, ошолор сатып алышат. Жумушу үчүн ар бир айым 350 сомдон айлык алат. Бул макча алардын эсебинде сакталат, - дейт капитан Талант Бакушев.

Экиге чыккан Самир түрмөдөгү жалгыз бала. Анын апасы баңги зат саткандыгы үчүн камалган, ал да акча табуунун аракетинде иштейт. Самирди тарбиячылар карашат. Абакта дагы 3 аялдын боюнда бар.

Негизи эле аялдар түрмөсүндө эне-бала маселеси өтө курч турат. Ушул жерде төрөлгөн балдарды кээде туугандары алып кетишет, кээде энелер балдарынан баш тартышат, кээ бирөөлөрү баңги зат колдонууну токтотушпагандыктан абдан оор абалда төрөшөт.

Көбүнчө ымыркайлар балдар үйүнө тапшырылат дейт Зыяндуулукту азайтуу ассоциациясынын өкүлү Мадина Токомбаева.

Дагы бир жылдан кийин Самир түрмөдө кала албайт. Бул жерде балдар үч жашка чейин гана жүрө алышат. Аны туугандары алып кетиш керек, же ал балдар үйүнө тушугат. Самирдин апасы болсо, дагы 6 жыл отурат.

Биздин коом түрмөдөн чыккандарды кабыл албайт

Алдыбыздан шашып чыккан айымдын аты Роза. Ал чачтарачка бара жатат. Бүгүн ал үйбүлөсү менен жолугушат. Розанын айтымында, түрмө үйбүлөгө абдан терс таасирин тийгизет. Ал түрмөгө түшкөндө жакындарынын мамилесинин өзгөргөндүгүн даана сезген:

-Аялдар аялдар менен жашайт. Ошондой мамилелерди көрүп алып, кызык абалда каласың. Кырсык экен, түрмөгө ар кандай адамдар келет. Көчөдө жүргөндөр, күйөөсүн атайын өлтүрткөн сот айымдар, адамды мыкаачылык менен өлтүргөндөр менен аралашып отурасың.

Роза эки күндөн кийин боштондукка чыгат. Ал жакта аны эмне күтүүдө? Роза мына ошодон коркот.
Розаны психологиялык жактан даярдап, анын документтери менен алектенип жүргөн Мадина Токомбаева биздин коом түрмөдө отуруп чыккан аялдарды кабыл албагандыгына кейийт:

-Мына ошондуктан алардын көбүндө коркуу сезими пайда болуп, алар эч кимге ишенбейт. Кээ бирөөлөр абдан чоң үмүттөр менен чыгышат да, анан коом түшүнбөгөндүктөн алар кайра кылмышка барышат .

Айжаркын уурулук үчүн 16 жылга кесилген. Түрмөдөн үч жолу чыгып, үч жолу кайра келген:

-Мени милициялар билет да. Нормальный бир ишке кирсең эле “ой, бул зечканы эмне кыласыңар” деп эки жумуштан чыгарып салышты. Айла жок мен ууру кылам да! Коом эле эмес, бул жерде иштегендер да бизди адам катары көрүшпөйт.

Аялдар түрмөдө үч жылдан ашык отурбашы керек дейт дагы бир кылмышкер Минажат Балажанова. Айрыкча жашы жете элек кыздарга жазаны жумшартуу керек дейт Айжаркын. Түрмөдө азыр эки жашы жете элек кыз отурат.

Адилет министри Марат Кайыпов бул түрмөдөгү акыбалга, аялдардын жашоо шартына толук канааттанбаганын билдирди. Бирок анын айтымында, өлкө боюнча бир гана ушул жаза өтөөчү жайда өндүрүш сакталып калган.

XS
SM
MD
LG