Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

“КЫРГЫЗӨНӨРЖАЙКУРУЛУШ” БАНКЫ САТЫЛДЫ


“Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын көзөмөл акцияларын “КыргызКредитБанкы” сатып алып, Социалдык фонд менен “Кыргызөнөржайкурулуштун” үч айга чукул созулган соттук тирешүүлөрү соңуна чыгып калды. Эми жума күнү Бишкек шаардык райондор аралык сотунда Улуттук банктын чечими менен ишмердүүлүгү чектелген банкты кайрадан азат кылуу иши каралмакчы. Айрым байкоочулар өлкөдөгү бул банктын айланасындагы окуяларды ыплас саясатка байланыштырышып, бийлик аны күч менен тартып алганын айтышууда.

Өлкөдөгү ири банктардын бири болгон “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын каржылык тапшырмаларды аткарганга жараксыз деп Социалдык фонд сотко берип, бир топтон бери соттук териштирүүлөр жүрүп келген эле. Кийинчирээк тараптар талаш-тартышты мунасага келүү менен чече турганын да айтып жиберишкен. Эми банктын көзөмөл акцияларын “КыргызКредитБанкы” сатып алганы айкын болуп, талашта “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы биротоло жеңилип берди.

Акцияларынын негизги бөлүгү батыш инвесторлоруна таандык “КыргызКредитБанк” өз кезегинде “Кыргызөнөржайкурулуштун” Социалдык фондго болгон карыздарын төлөп берүүгө милдеттенме алды. “Кыргызөнөржайкурулуштун” негиздөөчүлөрүнүн бири, экс-депутат Муратбек Мукашев маселе чечилип калганын, эми банк жаңы кожоюндарынын жетегинде жакын арада иштей баштарын билдирди:

- Маселе чечилип калды. Бешинчи күнү сот болот. Ошондо банкка коюлган чектөөнү алышат.

Улуттук бантын чечими менен “Кыргызөнөржайкурулуш” банкына убактылуу жетекчи болуп Эрнис Станбеков дайындалган. Анын айтымында, банк эмки жумада толук кандуу ишке кирүүгө даяр болот.

Ал эми айрым байкоочулар “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы алдын-ала пландалган сценарий боюнча, банк тармагында боло жүргөндөй “рейдерлердин” же болбосо абдан күчтүү, өтө сабаттуу басмачылардын чабуулуна кабылды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Темир Сариевдин айтымында, буга бийликтин түздөн-түз катышы бар жана иштин бардыгы сыртынан гана мыйзамдуудай көрүнөт:

- Мен мындай айтат элем: бул 100 пайыз атайын жасалган иш. Муну бүгүнкү тил менен айтканда “рейдерлик” деп коёт. Социалдык фонддун сотко бергени дагы атайын саясий иш экендигинин далили, элементи. Бир орган табыш керек болчу, алар сотко бергенге. Мамлекеттик орган болсо андан бетер жакшы деп Социалдык фондуну таап, акчабызды бербей жатат деген шылтоо менен сотко бердиртип, Улуттук банктын жардамы менен чектетип, мыйзамдуу кылдык деп атышат.

Бийлик өкүлдөрү эч кандай кысым болбогонун айтып келишет. Социалдык фонддун төрагасы Марат Султановдун пикиринде, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы Социалдык фондунун бир катар каржылык тапшырмаларын аткара албай калгандыктан гана иш ушундай болуп кеткен:

- Кандайдыр бир кысым көрсөткүдөй сөздөр болгон да эмес, болушу да мүмкүн эмес. Мисалы, “Кыргызөнөржайкурулуштун” капиталы 108 миллион сом болсо, ал жакта 1,5 миллиардга жакын Социалдык фондунун каражаты топтолуп калган. Ар бир эле банкир айтат, "баардык акчаны бир жерде топтогонго болбойт” деп. Анан чечим кабыл алынган, “Социалдык фондунун каражатын акырындан ар түрдүү банктарга жайыш керек” деген. Ошону жасап атканда биздин бир нече каржылык тапшырмаларыбызды аткара албай калышып, ушундай иштер болуп кетти.

XS
SM
MD
LG