Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

АЗИЯ: ВИРТУАЛДЫК ДЕМОНСТРАЦИЯ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ


Сизди интернет цензурасы тынчсыздандырабы? Же тоталитардык өлкөлөрдө интернет блоггерлердин камалышы ачууңузду келтиреби? Анда Бейжиндин Тянянмен аянтына демонстрацияга чыгыңыз. Андан соң Гаванадагы Төңкөрүш аянтындагы нааразылык акциясына кошулуңуз. Бул мүмкүн эмес деп ойлосоңуз, жаңыласыз. Кеминде виртуалдык, же интернеттеги демонстрацияларга катышууга сизде сөзсүз мүмкүнчүлүк бар.

Дүйнөдөгү авторитардык өкмөттөр өз атуулдарынын интернетте эмнени окуп, эмне кылып атканын улам барган сайын көбүрөөк көзөмөлдөп жатышат. Буга нааразы болгондор кечээтен бери интернеттеги демонстрацияга катышып жатышат.

"Чек арасыз кабарчылар" аттуу укук коргоочу уюмдун интернет сайтында ар ким каалаган өлкөнү жана өзүнө ылайыктуу каарманды тандап алышууда. Андан соң ал каарман каалаган ураанды алып, Бейжинде же Янгондо өтүп жаткан демонстрацияга чыгууда.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү Клодилде Ле Коз мындай дейт:

- Мисалы, эгер мен Кытайда демонстрацияга чыккым келсе, компютерден Кытайды тандайм, анан өз каарманымды тандап, ага өзүмдүн атымды берем, кайдан келгенимди да билдирем. Андан соң "Бардык кибернетикалык диссиденттерге эркиндик берилсин!", же болбосо, "Интернетке кирүүгө чектөө болбосун!" деген чакырыкты тандап алам. Андан кийин Бейжиндеги Тянанмень аянтына келем да, интернеттеги башка демонстранттарга кошулам.

Бул "интернет демонстрациясынын" максаты Бирма, Вьетнам, Түрмөнстан сыяктуу өлкөлөргө интернет цензурасынан баш тартууга кысымды күчөтүү болуп саналат.

Дүйнөдө бүгүн өз пикирин интернетте ачык билдиргени үчүн гана 60тай киши түрмөдө отурушат. Алардын басымдуу көпчүлүгү, 50гө чукулу Кытайда. Бирок "Чек арасыз кабарчылардын" кара тизмесинде Беларус, Иран, Өзбекстан сыяктуу дагы 14 өлкө бар.

Адатта өкмөттөр адам укуктары, саясат жана жыныстар аралык проблемаларга арналган сайттарды бутага алат. Ушундан улам, ошол эле Кытайда интернет колдонуучулардын көбү өздөрүн цензуралап, сак болушаары таң калыштуу эмес. Мисалга бул өлкөдө миллиондогон блоггерлер бар, бирок алардын ичинде талаштуу маселелерге арналгандары саналуу гана.

"Чек арасыз кабарчылардын" айтымында, айрым өлкөлөрдө көзөмөлдүн блоггерлер тарапка оогону интернеттин канчалык күчтүү экендигин көрсөтөт.

Өткөн күздө мисалы Бирмадагы өкмөткө каршы чыгуулар жана демонстранттардын сабалышы тууралуу маалымат интернеттеги видео жана сүрөттөр аркылуу тез эле бүт дүйнөгө таркады.

"Чек арасыз кабарчылар" бүгүн ошондой эле кибернетикалык диссиденттер үчүн атайын китепченин жаңы санын да жарыялашууда. Анда башка маселелер менен катар, цензурадан сактануунун жолдорун да билүүгө болот.

Сүрөт ogoniok.com интернет баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG