Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

24-МАРТ - МАЙРАМ КҮН


Жогорку Кеңеш 24-мартты Элдик ыңкылап күнү --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/8343b374-04ec-4cdb-be32-6eca6e0d8223.asp деп жарыялаган мыйзам кабыл алды. Бул үчүн Эмгек Кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү адилет министри Марат Кайыпов сунуштады. Долбоорду колдоп 67 депутат добуш берди. Ал эми 4 депутат каршы, алтоо калыс позицияда калышты. Социал-демократтар бул күнү элдик ыңкылап болгонун белгилешип, ошол эле учурда аны майрам күн катары бекитүүгө шашпай турууга чакырышты.

24-марттагы бийлик алмашкан окуяларга түздөн түз катышкан, элди баштап чыккандардын алдыңкы сабында болгон Роза Отунбаеванын жүйөөсүндө 24-мартта Кыргызстанда элдик ыңкылап болгону чын, бирок ыңкылаптын жеңиштери уурдалып кетти. “Биздин ыңкылап уланууда жана Кыргызстанда толук демократия орногонго чейин уланат,- деп билдирди Роза Отунбаева. -24-мартта чынында калың эл көтөрүлгөн. Бирок ыңкылаптан кийин коррупция күчөп, бир үй-бүлөлүк башкаруунун ордуна экинчи үй-бүлөлүк башкаруу келди, энергетика тармагын мурунку мафия тейлеп келатат.”(AiT)

XS
SM
MD
LG