Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Кытай Тибеттеги тополоңдо мерт болгондордун санын көбөйттү


Кытай бийликтеринин соңку маалыматына караганда Тибетте өткөн аптада Кытайга каршы болгон нааразылык акциясын коштогон массалык тополоңдо каза тапкандардын саны 13төн 19га көбөйдү. Булардын бирөө полицей. Ал эми сүргүндө жүргөн тибетикттердин эсебине караганда, Тибет борбору Лхасада орун алган толкундоолор күч менен басылышынан улам 100дөй адам өмүрүнөн айрылды.

Тибеттердин кытай бийлигине каршы акциясы ушул аптада Тибетке коңшу Сычуан провинциясында да орун алган эле. Расмий бийлик бул жерде эч ким жапа чеккен жок деп билдиргени менен Сычуандагы тибеттиктер да коопсуздук күчтөрү бир нече адамды мерт кылган деген ишенимде.

Бул аралыкта Европарламенттин төрагасы Ханс - Герт Поттеринг эгер Кытай Тибеттеги толкундоо боюнча тибеттиктердин сүргүндөгү рухий лидери Далай Лама менен сүйлөшүүдөн баш тартса, Пекинде быйыл өтүүчү Олимпиаданы бойкоттоо туура кадам болмоктугун белгиледи. Ал бул тууралуу Германиянын "Bild am Sonntag" гезитинде эртең жарыялануучу интервьюсунда билдирген. Европарламент төрагасынын пикиринде, Еврошаркет Кытай маанилүү өнөктөш экенине карабай, Тибетте адам укуктарын сактоо маселесинде "бир добуш" менен чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG