Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

12:05 Бээжин олимпиадасына Кыргызстандан бир боксер катышат


Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын ичинен “Астана 2008” аттуу экинчи Азиялык олимпиадалык квалификациялык турнирде Асылбек Таласбаев гана Бээжин олимпиадасына катышууга укук алды. Алтымыш килограмм салмактагы Асылбек Таласбаев Астанадагы эл аралык турнирге катышкан Кыргызстандык 8 боксердун бири жана спорттун эл аралык класстагы чебери. Астанадагы турнирде Бээжин олимпиадасына катышууга укук берген 19 жолдомо үчүн Азиадагы 25 мамлекеттин спортсмендери ат салышкан.(BD)

XS
SM
MD
LG