Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

МИГРАЦИЯ: МЫКТЫ АДИСТЕР ӨЗҮБҮЗДӨ ЖЕТИШСИЗ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Ички жана тышкы миграция маселелери чечилбеген бойдон калып жатат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна кыргыз диаспораларынын башын бириктирген “Замандаш” ассоциациясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Жума Абдуллаев жооп берди.

-Тышкы миграция 90-жылдары башталса дагы бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү бир калыпка түшө албай келет деген пикирлер бар. Эки жума мурда “Ак кеме” мейманканасында өткөн жыйында орусиялык, казакстандык өкүлдөр Кыргызстандан кесиби бар билимдүү адистер бизге керек деген пикирлерин айтышкан. Сиз айтсаңыз, кыргызстандык мигранттардын Орусиядан жумуш табуу көйгөйүн ушул маселе эле чече алабы? Билимдүү болуп барса эле жумуш оңой таап алабы деген сөзбү?

-Билимдүү эмес, билимсиз барса деле ал жакта жумуш табылат. Башка маселе билимдүү адистер биздин өзүбүзгө да керек болуп атат. Мисалы Камбарата-2нин курулушуна бизге адистер жетишпей атканын ачык эле айтып атышат.

-Орусияга жөнөп бара жаткан мигранттар менен иштешүү жагын сиздердин биримдик тарабынан каралганбы, мисалы аларга юридикалык жактан түшүндүрмөлөрдү берүү жагы, барганда өзүн кандай алып жүрүш керек?

-“Замандаш” ассоциациясы башынан эле ошол максатты коюп, ошол багытта бул жактан негизинен консультацияларды берүү маалыматтык жагынан, ар кандай деңгээлде маалыматтык колдоо көрсөтүү. Ал эми барып алгандан кийин иштеген, жашаган жеринде ар кандай деңгээлде укуктук жагынан жардам көрсөтүү боюнча иштер жакшы эле алгылыктуу нукка түшкөн деп айтса болот.

“Замандаш” ассоциациясы бул маселени биринчилерден болуп көтөрүп, анан бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан өткөрүлүп аткан чаралардын негизин да биздин ассоциация сыктуу коомдук бирикмелердин аракетинин жыйынтыгы. Бүгүнкү күндө Москвадагы элчибиз дагы ушул чөйрө менен жакшы тааныш, жакшы билген киши катары өзү диаспора жетекчиси болуп көп жылдардан бери иштеп жүргөн киши, азыр дагы таламын коргоп, чуркап жүргөн кишилердин бири.


Негизинен айтканда кыргыз мамлекети сыртта жүргөн элдерге жакшы эле колдон келген аракетин көрсөтүп атат. Мен жакында Түркияга барып келдим, ал жерде тилекке каршы укуктук жагынан абал оор экен, кыргыз балдары, кыздары легалсыз иштеп жүрүшөт.

-Жыл башынан бери Орусияда улутчулдардын колунан ондогон адамдар каза болду. Мындай окуялардын алдын алуу жагынан сиздердин уюм тарабынан кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

-Алдын алуу боюнча бир гана маалыматтык компанияларды жүргүзүш керек. Азыр Москвада, Орусиянын кээ бир шаарларында элчилик тарабынан жүргүзүлүп атыптыр. Бул жактан деле кичине ушундай иштерди жүргүзүп, мисалы сиздердин радио, башка маалымат каражаттары аркылуу жүргүзсө болот. Өзгөчө азыр жаштар өтө агып кете башташты. Мен өткөндө маалымат алсам, поездге бир айга чейин билет жок. Өзгөчө жаштар кетип атат, арасында тил билбеген, укуктук нигилизмге дуушар болгон жаштар кетип атат.

-Кечээки тегерек үстөлдө расмий маалыматтар боюнча 187 миң адам чет өлкөдө жүрөт деп айтылды. Сиз макулсузбу ушул сан менен?

-Жок, андан көбүрөөк болуш керек. Бул маалыматтарда негизинен үйбүлөөлөрү, балдары эсепке алынбай калат.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG