Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Б.НАРГОЗУЕВ: ПАНСИОНАТТАР БОЮНЧА КЫЗУУ ТАЛАШ ДАГЫ АЛДЫДА


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Ысыккөлдөгү төрт пансионатты казак тарапка ижарага берүү маселеси боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Бегаалы Наргозуев жооп берди.

-Бегаалы мырза, “Ак жол” фракциясынан дээрлик бардык депутаттар комитеттин төрт пансионатты Казакстанга ижарага берүү тууралуу чечимин колдоп берген экен. Ал эми “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев бул маселе боюнча президент Жогорку Кеңешке түздөн-түз көрсөтмө берди деп билдирди. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Биринчиден, дээрлик бардык депутаттар деген сиздердеги маалымат так эмес. 52 депутат колдоп берди. Бул көпчүлүктү түзөт, ошон үчүн ушундай сөз таркаса керек. Анан каршы чыккандар болду. Төрт-беш депутат каршылыгын билдирди. Өзгөчө пикирин билдирген болду. Анан ошол 71 депутаттан 52си колдоп берди. Бирок бул ратификацияны Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинин чечимин кошумчалар менен колдоо деп ушул 52 депутат комитеттин чечимин колдошту.

-Эми кандай кошумчалар киргизилет?

-Комитет эки өкмөт жолугушуп, кошумча киргизип, муну мурдагыдай белекке берүү эмес, 49 жыл ижарага берүү кошумчасын киргизсин, өкмөт кошумча келишим түзсүн деген. Ошондо 49 жыл ижара гана каралсын деген чечим чыгарыптыр комитет, бул жерде ошону колдоо жөнүндө сөз болуп жатат. Жакын арада бул парламентте каралыш керек. Ошондо анан ызы-чуу талкуу болот го деп ойлойм.

-Негизи ушул пансионаттарды ижарага берүүнүн шарттары кандай болушу керек деп ойлойсуз?

-Ал жерде менин пикиримди коомчулук билет. Мен менчикке берүүгө каршы чыкканмын. Башында эле кыйкырып чыккандардын бардыгы эле 49 жыл ижарага алсын, менчикке албасын деп сунуштаганбыз. Азырынча негизги талаштын бардыгы ошондо болуп жатат. Эрик Сейдалиевич баштаган Эл аралык комитет “эки өкмөт жолугуп, 49 жылга аренда маселеси каралсын, анан ошол келишим Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайыкташтырылсын” деген чечим чыгарыптыр. Ошол комитеттин чечимин колдоо тууралуу сөз болуп жатат. Ал эми келишимди ратификациялоо болсо бул Жогорку Кеңештин сессиясында каралат.

-Азыр өзүңүз жогоруда дагы пансионаттарды Казакстанга белек катары эмес деп белгилеп кеттиңиз. Өзүңүз билгендей коомчулукта дагы "президент Казакстанга сапары учурунда белек катары сунуп берген жатат” деген пикирлер бар. Мына ушундай пикирлер канчалык жүйөөлүү деп ойлойсуз?

-Азыр эле Эмил Каптагаев деген жигитти атап кеттиңиз. Бул келишимге 2002-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаев кол койгон экен. Ошону ратификациялоо жөнүндө сөз болуп жатат. Казактар аны ратификациялап алышкан экен. Анан сиздин сурооңуз боюнча менин оюма бир нерсе келди... Азыр бул жерде ызы-чуу болуп депутаттар талашып жатат, “Ак жол” фракциясы дагы талашып жатат.

Ал эми Эмил Каптагаев жана Аликбек Жекшенкулов деген эр азаматтар ошол кезде аткаруу бийлигинде Акаевдин алдында кызмат кылышып, чуркашып, ушуну колдоп жүргөн жигиттер болчу. Эми азыр мындай бүтүмдөргө келишип, белекке берген жатат, анан президент түздөн-түз көрсөтмө берди деп жатышат. Эмне үчүн ошол кезде Акаев кол койгондо ушул азаматтар чыркырашкан эмес? Эмне үчүн азыр бийликтен кеткенден кийин, оппозицияга өтүп алып чыркырап атат? Мына биз бийликте туруп чыркырап, талашып жатабыз. Ошол кезде эмне үчүн оозуна суу алып алгансып, эр азаматтар унчукпай жүрүшкөн? Себеби экөө тең ошол кезде чоң кызматтарда отурган. Мен билгенден Эмил Каптагаев ошол кезде Ысыккөл облусунун губернатор орун басары, Аликбек Жекшенкулов тышкы иштер министри болчу.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG