Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кадырали Кошалиев “ЭлТР – коомдук телекөрсөтүүсү” телерадиокомпаниясынын башкы директорунун кызматынан бошотулду. Мамлекет башчысынын дагы башка жарлыгы менен Мамырайым Дуванаев аталган телерадиокомпаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)