Бул тууралуу “Азаттыкка” жаңы долбоорду иштеп чыккан топтун мүчөсү Татьяна Ким билдирди. “Салык кодексинин жаңы долбоору иштелип бүтүп, кечээ министрликтерге жиберилди. Эми он күндүн аралыгында алар өздөрүнүн сунуштарын жана кошумча-алымчаларын бизге жиберишет. Мындан соң долбоор кайра каралып, апрелдин соңунда Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Салык кодексинин жаңы долбоорунда кошумча нарк салыгын 12 пайызга, кичи ишканалар үчүн бирдиктүү салыкты он пайыздан 4-6 пайызга чейин түшүрүү каралган",-деди Т.Ким. (AiJu)