4-апрелде Кардиология жана терапия улуттук борборунда адаттагыдай эле жыл сайын өтчү “Миррахимовдук окуулар” деп аталган илимий жыйын өттү.
Жыйындын башкы максаты - үйбүлөлүк дарыгерлерге медицинадагы жаңы билимдерди өздөштүрүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүү болду. 2008-жылдагы “Миррахимовдук окуу” – жүрөк кан тамыр жана өпкө ооруларынын маселелерине арналды. Себеби Кыргызстанда каза болуп жаткан оорулуулардын жарымы – жүрөк кан тамыр ооруларынын кесепетинен көз жумууда. Ал эми өпкө оорулары – каза болуп жаткан оорулуулар боюнча экинчи орунда болуп жатат.
7- апрелде Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнү белгиленет. Бул күн 1948-жылдын 7-апрелинен бери белгиленип келатат. 8-апрелде Бишкектеги Улуттук тарых музейинде “Медицина 2008” деп аталган эл аралык 6-көргөзмө өтүп, бул иш- чарада Саламаттык сактоо жана Адилет министрликтерине мобилдик флюрографиялык жабдыктар тапшырылат.
Адистердин пикиринде кургак учук - социалдык дарт. Алардын баамында, учурда кургак учук менен жалпы ооруп жаткандардын 98 пайызы калктын жакыр катмарынан болгон болсо, кийинки учурда бардар жашаган адамдардан да кургак учукка кабылгандар көбүрөөк катталууда. “Мындай көрүнүш кургак учуктун Кыргызстанда эпидемияга айланып кетүүсүнөн кабар берет”, - деди кечээ жакында дүйнөлүк Кызыл Чырым коомунун адистери катышкан жыйында саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов:
-Азыр бизде 13 миң адам кургак учук боюнча каттоодо турат. Алардын баары бекер дарылануу менен камсыздандырылышкан. Мына ошол оорулуулардын 80 пайызы айыгууга ийкемдүү оорулуулар. Ал эми кургак учук менен ооругандардын 13 пайызы – кургак учукка каршы кандай дары-дармек болбосун таасир этпейт жатат. Бирок биз аларды көптөгөн дары-дармектердин кошундусу менен дарылоого аракет кылып жатабыз. Бирок бул өтө кооптуу маселе болуп кала берүүдө.
Американын өкмөтү 1997-жылдан тарта Кыргызстанда безгекке, кургак учукка жана СПИДге каршы күрөшүүгө 2 миллиард доллар чыгымдаган. Бул Кыргызстан үчүн эл аралык уюмдар көрсөткөн жардамдын эң жогорку көрсөткүчү.
ЮСАИД Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы менен 2000-жылдан жана кургак учук боюнча 1997-жылдан бери иштешип келатат. Ошондой эле ЮСАИД саламаттык сактоо тармагынан 2700 медициналык адистин жана ГУИНдин 39 адисинин квалификациясын жогорулатып окутууну көтөрдү.
Кургак учук боюнча дүйнөлүк Кызыл Чырым коомунун адистери катышкан жыйында ЮСАИДдин медициналык программалар боюнча координатору Дамира Байбосунова ЮСАИДдин Кыргызстандагы ишмердигине токтолду:
-Кургак учукту биргелешип иштөө менен гана жеңүүгө болот. Бүгүн Американын Эл аралык өнүгүү агенттиги, же болбосо ЮСАИД – дүйнөнүн 30 өлкөсүндө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Мына ушул мамлекеттерде кургак учукту аныктоонун 75 пайызы жана дарылап айыктыруунун 80 пайызы биргелешип иштешүүнүн акыбети болуп отурат. Ошондо 2000-2007-жылдарда дүйнө мамлекеттеринде кургак учукту дарылоого ЮСАИД 600 млн доллар сарптаган. 2007-жылы болсо ЮСАИД Кыргызстандагы кургак учук боюнча оорулууларды дары-дармек менен камсыздандырууга 5 млн доллар бөлдү. Ал эми 2008-жылга Кыргызстанда кургак учукту дарылоого ЮСАИД 15 млн доллар бөлүп жатат.