Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Бээжин Олимпиадасынын оту Парижге келди


Олимпиада оту Париж аркылуу күчөтүлгөн тартипте өткөрүлөт. Буга каршылык чараларынын болуш ыктымалдыгы себеп болууда. Кечээ олимпиада оту басып өткөн Лондон шаарында баш аламандык орун алып, ага катышы бар саналган 36 киши камакка алынган. Кытай бийликтеринин Тибеттеги саясатына нааразылык билдирген демонстранттар тобу Олимпиада отунун Лондондун көчөлөрү аркылуу жүрүшүн токтотууга аракеттеништи. Олимпиада отун өрт өчүргүч аспап менен өчүрүүгө аракет кылышты. 50 чакымга созулган жүрүштө Олимпиада отун британиялык жана кытайлык сакчылардын үч катары коштоп жүрдү.

XS
SM
MD
LG