Элчиликти ачуу салтанатында Косово президенти Фатмир Сейдиу Косово менен Вашингтондун өзгөчө мамилеси бар деп билдирди. Анын алдында Косоводо Британия, Германия, Албания,Швейцария өздөрүнүн элчиликтерин ачышкан. Косово Сербиядан бөлүнгөн 17-февралдан бери Приштина менен 30га чукул мамлекет дипломатиялык мамилелерди түздү.