Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

13:30 И.Исаков: “Армияда адамдарды регионуна карап бөлбөйт!”


Бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берген Кыргызстандын Коргоо министри Исмаил Исаков Ысыккөлдүн Тамга айылындагы окуя тууралуу “Алиби” гезитинде жазылган кабарды жокко чыгарды. Анын айтымында, ал жерде эл тарабынан эч кандай нааразылык билдирүү болгон эмес. “Мен жакында эле ошол жерде болуп кайттым. Быйыл, буюрса, 2-июлда КМШ мамлекеттеринин Коргоо министрлеринин жыйыны Кыргызстанда өтөт. Ага карата имараттарды оңдоп-түзөө иштери Ысыккөлдөгү санаторийде да жүрүп жатат. Биз атайын аскерлерибизди чын эле Тамга айылына жайгаштырганбыз. Алар түшкө чейин окушат, түштөн кийин ремонт иштерине жардам беришет, деди министр. И.Исаковдун айтымында, ал жерде Коргоо министрлигинин карамагындагы үйлөрдө жашаган айрым адамдар алда качан Бишкекке көчүп кетишкенине, учурда министрликке иштешпегенине карабастан, “Тамгадагы” квартираларды бошотпой жүрүшөт. Ошондуктан аларды мыйзам чегинде үйлөрдөн чыгаруу чечими кабыл алынды. Андан сырткары, санаторийдин жаңы жетекчилигинин ишине нааразылыктар тууралуу сүйлөп жатып, ага карата айтылып жаткан “түштүктүктөрдү кызматтарга дайындап жатат” деген дооматтарды “болбогон кеп” деп атады министр. “Армияда жерине карап бөлүштүрүү деген болбойт! Армияда адамдын аскердик наамы, чини жана эмгек тажрыйбасы гана бааланат. Элди жерине карап бөлүштүргөндөрдүн өздөрүн жоопкерчиликке тартыш керек”, деди “Азаттыкка” Коргоо министри Исмаил Исаков. (TD)

XS
SM
MD
LG