Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

17:14 “Акыйкат үчүн!” кыймылы “Акыл ордо” кеңешинин жүрүш жасоо демилгесин колдоду


Мындай чечим кыймылдын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. “Акыл ордо” кеңеши Караколдо 17-апрелде өткөн жыйынында Каркыраны жана төрт пансионатты элдин энчисине кайра кайтарып берүү талабы менен Каракол-Бишкек жөө жүрүшкө чыгуу демилгесин көтөргөн. “Акыйкат үчүн!” кыймылы бүгүнкү отурумунда жөө жүрүштү 26-апрелде баштоо жана анда жерди элге кайтаруу, элге каршы чечим чыгарган парламентти таркатуу талабын коюу чечимин чыгарды. Кыймыл ошондой эле “Ыйык жерди колдоо” комитетинин түзүлүшүн кубаттап, төрагалыкка Мукар Чолполнбаевди бекитти. Азимбек Бекназаров аталган комитеттин штаб башчысы болуп дайындалды.
“Акыйкат үчүн!” кыймылы “Акыл ордо” кеңеши 26-апрелде Түптө уюштуруп жаткан элдик жыйынга катышуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу кыймыл тараткан маалыматта айтылат. (BuS)

XS
SM
MD
LG