Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

19:07 Диний агымдардын катарына аялдар жана мектеп окуучулары тартылууда


Ош облусунда “хизбут-тахрирчилер” жана башка миссионерлер өлкөнүн конституциялык түзүмүнө коркунуч туудуруп, өз максаттарын кандай болсо да жүзөгө ашыруу багытында аракеттерин күчөтүштү. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин кезексиз коллегиясында облустук бийликтин башчысынын биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев ушундай маалымат жасады. Анын билдиришинче, Кыргызстанды бүлүндүрүүгө кызыкдар диний агымдарды айрым чет өлкөлүктөр каржылап, өздөрүнүн катарына айрыкча аялдарды жана мектеп окуучуларын кеңири тартып жаткандыгы да жашыруун эмес. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Токон Мамытов дин кызматкерлери менен укук коргоо органдары биргеликте иш жүргүзбөгөндүктөн ушундай жагдай түзүлгөндүгүн белгилеп, мындан ары бардык бийлик бутактары пландуу иштешпесе, диний акыбал оорлошоорун эскертти. (YA)

XS
SM
MD
LG