Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

НАРЫНДА ШААР МЭРИН ЖАЛГАН МААЛЫМАТ БЕРГЕНИ ҮЧҮН СОТКО БЕРГЕН ЖАТЫШАТ


26-апрелде Нарын шаарында жөө жүрүшкө чыккандардын бири Бектемир Акунов атындагы коомдук кордун жетекчиси Калыбек Акунов “жалган маалымат берген” деп Нарын шаарынын мэрин сотко берээрин билдирди. Мындай кинени болсо шаардык мэриянын кызматы негизсиз деп эсептейт.

26-апрелде Нарын шаарынан бир нече адам Нарын-Балыкчы багыты боюнча жөө жүрүшкө белсенишкен. Жергиликтүү тургун, ”Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эсенбек уулу Адылбек жөө жүрүштөргө кошула албай калгандардын бири.

- Ушул 26-апрелде мен Урмат Акунов баштаган жөө жүрүшкө кошулуп, биз дагы өзүбүздүн мүдөөбүздү билдирели дегенбиз. Ага билгизбей эле бийлик жагынанбы, же башка жагынанбы аларды камап алып кетишкен экен. Биз аларга жолуга албай калдык. Алар аркылуу барып биз дагы өзүбүздүн оюубузду айталык дегенбиз. Турмуш кандай болот, билбейм.

Эсенбек уулу Адылбек алдыда өзбек,тажик чек араларында да чыр чатак чыгабы деп кооптонот:

- Менин айтаарым, Үзөнгүкуушту сатып жатканда дагы Аскар Акаев айтты эле “бул чек ара тосулбай калыптыр, 30 чакырым эле бери жылдырдык” деди эле. Эми Каркыраны бир депутатыбыз айтып жатат. Тигил жагы мындай экен, биздики экен, Каркыранын ар жагы таш экен ошол жакты бердик деп. Эми Тажикстандыкын, Өзбекстандыкын ДА ушунтеби,- дейт Эсенбек уулу Адылбек.

Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев жөө жүрүшкө чыккандардын аракети мыйзамсыз болгондугун чечмелейт.

- Нарын шаардык мэриясы Нарын облустук ички иштер Башкармасынын жетекчилери тарабынан алардын канча кишиси жөө жүрүшкө чыгаары көрсөтүлбөгөндүктөн, канча киши кайсы маршрутта болоору көрсөтүлбөгөндүктөн уруксат берилген эмес. Ошого байланыштуу Нарын шаарынын мэриясы Нарын шаардык прокуратурасына кайрылгандыктан биз Урмат Акуновго жөө жүрүшкө чыгуунун алдында эскертүү бергенбиз. “Эгер жолдон кандайдыр бир провокация болуп, чыр чыгып кетсе, жеке Урмат Акунов жооп бересиң, сенин мойнуңа жүктөлөт” деп жөө жүрүшкө чыкпоо үчүн биз эскертүү бергенбиз,- дейт Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев.

Бирок жөө жүрүшкө катышкандардын бири Бектемир Акунов атындагы коомдук кордун директири Калыбек Акунов муну адам укугун бузуу деп эсептеп, жалган маалымат бергендиги үчүн Нарын шаарынын мэрин сотко берээрин билдирет.

- Эч кандай билдирүү берилген эмес деп жатат. Биз 23-апрелде эле Ысыккөлдөгү Каркыра жайлоосу, төрт пансионат, энерго секторунун сатылышына каршы жөө жүрүшкө чыгуу тууралуу билдирүүнү жергиликтүү бийликтерге алдын ала бергенбиз. Ошондуктан “Акипресс” маалымат агенттигине маалымдаган Нарын шаарынын мэринин митинг өткөрүү жөнүндөгү жалган жалаасын мен сотко беремин,- деди Калыбек Акунов.

Мындай кинеге шаардык мэриянын маалымат катчысы Кадыркул Бугубаев макул эмес.

- Бул эч кандай мыйзамсыз нерсе эмес. Бул баардыгы тең мыйзамдын чегинде, учурунда каралган бардык каттардын негизинде ошого жооп берилген. Бирок ошого карабастан бул жасап жаткан иш мыйзамсыз экендигине эскертме берилгендигине карабастан аталган комитеттин төрт мүчөсү 26-апрелде эч кандай мыйзамсыз, уруксаты жок жөө жүрүштү уюштурушуп, элди үндөп жатышкан жеринен укук коргоо жана ички иштер кызматкерлер тарабынан кармалып, иштери сотко берилген. Бүгүнкү күнү Нарын шаардык сотунун чечимине алардын ээн баштык, өзүм билемдик аракеттерине жооп кылып, жөө жүрүштүн катышуучусунун төрт мүчөсүнө катуу эскертүүлөр берилип боштулган,- дейт Кадыркул Бугубаев.

XS
SM
MD
LG