Орусиялык маалымат агенттиктер кабарлагандай, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Грузия-Орусия ортосунда согуш тутанып кетиши толук ыктымал экендгин билдирген. Кечээ Москва эгерде Грузия Абхазиядагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтсө, расмий Москва регионго кошумча аскер жибере тургандыгын билдирген. Абхазияда азыр Орусиянын эки жарым миңдей жоокери бар. Кечээ орусиялык маалымат агенттиктери дагы бир маалымат таратышкан. Ага ылайык, Абхазия дагы бир Грузиялык адамы жок учакты атып түшүргөн.