Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Катуу бороондон жабыркаган Мянманын өкмөтүнүн аракеттерин АКШ президенти сынга алды


Жорж Буш Мянма бийлигин маалында эл аралык жардам көрсөтүүгө тоскоол кылгандыгы үчүн дүйнө коомчулугу аларды айыпташы керектигин айтты. Өкмөттүн айынан канча адам каза болгонуну тууралуу так маалымат жоктугун белгиледи. Катуу бороон-чапкындан жыйырма сегиз миңден ашуун киши набыт болгону кабарланган. Дагы он миңдеген адамдар ың-жыңсыз жоголууда. АКШнын жардам жүктөлгөн алгачкы учагы кечээ Мянмага келди. Даары-дармек жана башка керектүү буюм-тайымдарды бир катар эл аралык уюмдар да жөнөтүп жатат. Улуттар Уюму Мянманын аскерий бийлигине жардамдар тезирээк бөлүштүрүлүшү зарылдыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG