Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, Элдик сүрөтчү Таалай Курманов билдирди. Анын айтымында, эртең Г.Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде ачыла турган көргөзмөгө 12 Элдик сүрөтчүнүн чыгармалары коюлмакчы. “Дегинкиси, учурда өлкөдө элдик сүрөтчүлөрдүн ичинен көзү тирүүлөрдөн 15 адам бар. Бирок үч адам бул көргөзмөгө катыша албай калышты. Калгандары: жипописчилерден Абдырай Осмонов, Сапар Торобеков, Турсунбек Койчиев, Батыр Жалиев, Асакен Бейшенов, театралдык сүрөтчүлөрдөн Макен Сыдыкбаев, Марат Шарафутдинов, скульптура боюнча Тургунбай Садыков, Виктор Шестопал, көркөм декоративдик-колдонмо өнөрүнөн Жыпар Айдаралиева, графика боюнча Юристанбек Шыгаев жана Таалай Курманов бар. Кыргызстанда элдик сүрөтчүлөрдүн эмгектерин бир жерге топтогон көргөзмө алгачкы ирет уюштурулуп жатканы айтылды. Ал эки аптага созулат. (TD)