-Аликбек мырза, Түптөгү жөө жүрүштүн сабактары бүгүнкү жыйында каралчу негизги маселелердин бири экен. Оппозиция бул окуядан кандай жыйынтык чыгарды?
-Өзүңөр билгендей акыйкатчы Турсунбек Акундун дагы кишилери барып бир жыйынтыкка келишти. Биз ойлойбуз негизинен Түптөгү болгон окуяны бийлик уюштуруп, демократияны, адам укугун бузганга жол берди. Ошого каршы ой-пикирлерди бүгүн ачык айтмакчыбыз.
-Азыр коомчулукта ушул Түп окуясынан кийин оппозиция алсырады деген пикирлер да жок эмес. Оппозициянын азыркы абалын кандай мүнөздөсөк болот?
-Түптөгү окуядан кийин албетте ар кандай ойлор жаралды. Бирок менин оюмча оппозиция мурункудай эле өз аракеттерин жасап, ой жүгүртүү болуп жатат. Алсырады деп, өзүңөр билесиңер ар кандай бийликке иштеген саясий политтехнологдор атайын уюштуруп жатат. Элдин оюн, элдин маанайын өзүнө бурганга аракет кылып жатат деп эсептейбиз.
-Коомдук парламенттин түзүлүшү башында оппозициянын жаңы деңгээли катары бааланды эле. Сиздин баамыңызда бул уюмдун иши канчалык натыйжалуу болуп жатат?
- Биздин иштей баштаганыбызга болгону төрт эле ай болду. Биздин оюбузча төрт айдын ичинде элдин калың катмары Коомдук парламентти билип калды. Эң негизги максаты – Коомдук парламенттин бүгүнкү болуп жаткан саясий, экономикалык, социалдык маселелерге, бийликтин аракеттерине баа берүү жана өзүнүн конструктивдүү сунуштарын айтуу. Ошол себептен биз айткан көп маселелер элге сиңип жатат. Ошон үчүн биз ойлойбуз, натыйжалуу эле болуп жатат го деп. Эгер бизде кадрлар, акжа каражаты, бизге иштеген институттар көп болсо, бир жөн эле. Бирок төрт айдын ичинде көп эле иш жасалды деп ойлойм.
-Бүгүнкү жыйында Түптөгү окуя боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынабы?
-Ооба, кабыл алынат.
-Коомдук парламенттин, дегеле “Акыйкат үчүн” кыймылынын мындан аркы аракеттери, тактап айтканда алдыдагы жай мезгилиндеги аракеттери кандай болот?
-Кээ бир массалык маалымат каражаттары бизди таратып жибербедиби, эс алууга чыгат экен деп. Чыкпайбыз. Анткени биздин ишибиз көп. Элдин турмушу начарлап баратат. Бийликте дагы бүгүнкү күндө кемчиликтер көп. Ошон үчүн биз ойлорубузду айтабыз, тегерек столдорду уюштурабыз.
Сиз айткандай бүгүнкү эң негизги маселелердин бири болуп - Кыргызстандын өнүгүшү боюнча жаңы концепция иштеп чыгалы деп турабыз. Ушул маселе боюнча элге чыгабыз, эксперттердин пикирин билебиз. Дагы жыйындарды өткөрбүз, кыскасы ишибизди уланта беребиз.
-Өлкөнү өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору сиздерде даярбы?
-Жок, даяр эмес. Негизинен бул чоң маселе. Бизде тезистер катарында бар. Кичинекей программалар түрүндө даяр. Ар бир коомдук парламенттин мүчөлөрү өз ойлорунун негизинде айткан, ушуну системалаштырып, кагазга түшүрүп, күзгө жакын элге сунуш кылабыз.
-Аликбек мырза, чегара маселесине токтолсок. Бүгүнкү жыйында бул маселе дагы каралат экен. Айрым талдоочулар айтып жаткандай, өлкө түштүгүндөгү чегара маселесинде чын эле жагдай кооптубу?
-Ооба. Ушул маселе абдан оор болуп жатат. Жалгыз гана чегара эмес, жалпы эле түштүктө социалдык-экономикалык, саясий абал дагы бүгүн оор жана абдан чоң маселелер бар. Ушул маслеле боюнча курултайда сөз кылганбыз, ошону дагы бүгүн улантмакчыбыз.
-Маегиңизге ырахмат.