Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

11:54 А. Бекназаров: Президенттин өмүрүнө кол салууга үчүнчү күчтөр даярданып жатышы ыктымал


Мындай пикирин “Асаба” партиясынын мурунку лидери бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Бекназаровдун айтымында, 20-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орунбасары Турдубек Алмаматов аны “жолдоштук”, же “эскертүүчү” жолугушууга чакырып, анда президентти жок кылуу жөнүндө Бекназаровдун сөз кылып келатканы айтылган. Өз кезегинде Бекназаровго ага "далил барбы?" деген суроосун койгон. Алмаматов “бар” деп жообун берген. Мына ушул жолугушуудан кийин Бекназаров бир нече жыйынтыкка келген. Алардын бирине ылайык, “акыркы кезде Курманбек Бакиевдин аброю төмөндөп кетти. Кол салуу жөнүндө сөз аны көтөрүү максатында чыгарылууда”. Экинчиден, “Үчүнчү күч тарабынан чындап эле Курманбек Бакиевди жок кылууга даярдык көрүлүп жатышы ыктымал. Ал күчтөр президенттин айланасындагы жогорку даражалуу адамдар. Алар кырдаалдан пайдаланып,президентти сатып, андан кийин анын каршылаштары тарапка өтүп кетүүгө даяр турушат”.

Бекназаровдун айтымында, ал эч качан Бакиевди жок кылуу чакырыгын жасаган эмес. Тескерисинче, анын Каркыра, электр тармактары, менчиктештирүүдө кетирген кемчиликтери үчүн Акаев сымал соттолушун көздөп келатат жана “эскертүүлөргө” карабастан өзүнүн саясий күрөшүн уланта берет. (AiT)

XS
SM
MD
LG