“Облустук “Ош-3000” телекомпаниясын улуттук деңгээлге көтөрүп, өлкөбүздөгү тунгуч коомдук телеканалдын түптөлүшүнө Кадыр Кошалиевдин эмгеги чоң. Ошол себептүү анын мээнетин кеч да болсо баалап, мамлекеттик сыйлык, ардак грамота ыйгаруу зарыл деп эсептейбиз”, дейт Ош облустук журналисттер уюмунун төрагасы Алмаз Нурдинов. Ал эми ЭлТР коомдук телекомпаниясынын байкоочулар кеңешинин төрагасынын орунбасары Токтобай Мүлкүбатов иштеп жүргөндө бааланбаган эмгектин кереги эмне, Кошалиевге “Даңк” орденин тагып узатыш да жарашмак деген оюн билдирди. (АТо)
17:16 ЭлТРдин мурунку башкы директору Кадыр Кошалиев Кыргыз Республикасынын грамотасына көрсөтүлдү