Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

Али Ларижани Иран парламентинин төрагалыгына бир жылга шайланды


Бүгүн (1-июнда) болуп өткөн шайлоодо Али Ларижанини 259 депутаттын 237си колдоп добуш беришти. 28-майда Иран парламенти аны бул кызматка убактылуу шайлаган болчу. Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө башкы арачы болуп келген Ларижани бул арачылык кызматтан былтыр кеткен. Мындай кадамга ал президент Махмуд Ахмединежад менен пикир келишпестигинен улам барганы айтылып келет. Ларижани кийинки жылга белгиленген президенттик шайлоодо Ахмединежаддын башкы атаандашы катары чыгаары жоромол кылынууда.

XS
SM
MD
LG