АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер Өзбекстанда президент Ислам Каримов менен жолугушуп, өлкөдө адам укуктары жаатындагы абал жакшырганын айтты. Өзбекстандын Кошмо Штаттар менен алакалары 2005-жылы АКШ Анжияндагы кандуу окуяны кескин сындагандан кийин начарлап кеткен. Кечээ 2006-жылы 8 жылга кесилген укук коргоочу Мутабар Тажибаева эркиндикке чыкты.