Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

15:55 Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары президентке кайрылуу жолдошту


Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун 800 жактоочусунун колу коюлган кайрылуу бүгүн мамлекет башчыга жана маалымат каражаттарына жолдонду. Кайрылуу ээлер “Жал-Артис-15” кичирайонунун жана өткөн жылы жер титирөө болгон Нарындагы орто мектептердин курулуштарына байланыштуу каржы полициясы тарабынан Ишенбай Кадырбековго тагылып жаткан айыптоолорду негизсиз деп эсептешет. Алар мамлекет башчы бул курулуштардын башталышына өзү салым кошуп, катышып, Нарындагы Семизбел орто мектебинин ачылышына барган кезде анын курулушун мактагандыгын да белгилеп кетишкен. Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары анын буга чейинки саясий жана экономикалык ишмердүүлүгүн эске алуу менен анын башкоргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып, 25-апрель күнү камакка алган. Ленин райондук соту жана Бишкек шаардык соту анын адвокаттарынын башкоргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын жокко чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG